Жаңылыктар
Президент жеңилдетилген кредиттөө жөнүндө мыйзамды артка кайтарды
Айыл чарба
Президент жеңилдетилген кредиттөө жөнүндө мыйзамды артка кайтарды

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө Айыл чарбасын жеңилдетилген кредиттөө жөнүндө мыйзамды жакшыртууну, Өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрүн эске алып кайра иштеп чыгууну сунуш кылды. Белгилей кетсек Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасында айыл чарбасын өнуктүрүү жонүндөгү мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилип, анда дыйкандарды 7 пайыздык жеңилдетилген кредит менен камсыз кылуу каралган эле, бул мыйзам Президенттин кароосуна жөнөтүлгөн болчу. 

Бирок Президенттин белгилөөсундө Өкмөттүн женилдетилген кредиттерди берүү жөнүндөгү программасына ылайык буга чейин деле дыйкандарга 7 пайыздык кредит берилип келген,ал программа 2019-жылы аяктамак,жаңы кабыл алынган мыйзамдын долбоорунда бул шарттар эске алынган эмес.Башкача айтканда мыйзамда көрсөтүлгөн айыл чарба жана балыкчылык өндүрүшүн жеңилдетилген кредит менен камсыз кылууну мыйзамсыз эле Өкмөт ишке ашырып жатат.Экинчиден жаңы кабыл алынган мыйзамда Өкмөттүн каржылык мүмкүнчүлүктөру эске алынган эмес. Президент А.Атамбаев мыйзам долбоорунун демилгечилерин колдойт, бирок бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн жана ушул кезде ишке ашырылып жаткан айыл чарбасын колдоо программаларын эске алуу менен депутаттар менен Өкмөт кабыл алган Мыйзамды толуктап иштеп чыкса деген талапты койду.