Жаңылыктар
Ч.Турсунбеков Чех Республикасынын Премьер-министри менен жолугушту
Саясат
Ч.Турсунбеков Чех Республикасынын Премьер-министри менен жолугушту

Төрага Чыныбай Турсунбеков Чех Республикасынын Премьер-министри Богуслав Соботка менен жолугушуп, эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө тууралуу баарлашты. Парламенттик демократияны, жарандык коомду өнүктүрүүдө, айрыкча социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдө Чехия Кыргызстандын артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири экенин айткан Чыныбай Турсунбеков: "Кыргызстандын өнөр-жайынын негизин түзүп, 20-кылымдагы өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүн шарттаган "Интергельпо" кооперативи азыркыга чейин өз жемишин берип келет. Тагыраагы, кооператив түзүлгөн алгачкы беш жылдын ичинде эле өлкөбүздүн өнөр-жай продукциясынын 45 пайызын чыгарып турган. Андыктан, эки элдин достугуна себепкер болгон аталган шериктештиктин ишин улантуу үчүн "Интергельпо" долбоорун иштеп чыгып, кызматташтыктын жаңы барагын ачышыбыз керек", - деди.

Ошондой эле жакында эле 15-19-май күндөрү Прагада өткөрүлгөн кезектеги үчүнчү кыргыз-чех бизнес-форуму соода-экономикалык байланыштардын башаты болоруна ишеним артарын билдирген Жогорку Кеңеш Төрагасы, эки өлкөнүн Экономика министрлиги ортосунда жумушчу тобун түзүү зарылчылыгын кошумчалады.