Жаңылыктар
Кар көчкү алдында калган маркумдардын эмгеги бааланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кар көчкү алдында калган маркумдардын эмгеги бааланды

Транспорт жана жолдор министрлигинин кар көчкү басып калып каза тапкан кызматкерлерине "Ардактуу жолчу" наамы берилди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдирди. 

Эскерте кетсек, ушул жылдын 28-мартында Бишкек- Ош каттамынын 255-чакырымында №23 жол оңдоо ишканасынын төрт кызматкери - Анарбек Момуналиев, Нурбек Орунбеков, Султангазы Жапаркулов жана Курсант Акчабай уулу түшкөн унаа кар көчкү алдында калган. Маркумдардын жакындарына министрликтин эмгек жамааты акча чогултуп беришкен.