Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө 25 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө 25 жыл

Бүгүн, 29-май - Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү. Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук филармонияда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, иш-чара президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өтөөрү күтүлүүдө. Эскерте кетсек, 1992-жылы 29-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнүн белгилөө тууралуу чечим кабыл алынып, андан бери ал расмий түрдө майрамдалып келет.