Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү
Шайлоо 2023
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү

Кыргызстан боюнча жалпысынан шаардык жана айылдык 41 кеңеште добуш берүү өттү. Бул жолку шайлоочулардын тизмесине 272 миң 114 адам кирип, шайлоого катышуу үчүн өлкө боюнча 4 миң 423 талапкер катталган. 

Шайлоо өнөктүгүнүн теңи кезектеги, калганы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү. Одоно мыйзам бузуулар катталган жок. Добуш берүү өнөктүгүнө Казакстан, Корея, Украина, Монголия жана Индиянын борбордук шайлоо комиссияларынын делегат болуп келген өкүлдөрү байкоо салды. 

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоодогу алдын ала жыйынтыктар төмөнкүдөй болду. Ош облусунун Ноокат шаарында 53,3% менен КСДП, 17,96 пайыз менен "Элдик", 11,11% "Республика", 8,96 % менен "Замандаш" партиясы алдыда экенин көрсөтүүдө. Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында КСДП 52,60%, Коммунисттер 12,"Өнүгүү-Прогресс" 7 пайыз алды. Кемин шаарында КСДП 32,75%, "Республика" 25,05%, "Патриот" 15,26%, Кыргызстан 11,33% алды. Жалал-Абад шаарында "Өнүгүү-Прогресс" 26,47%, КСДП 23,17%, "Ата Журт" 13,78%, "Мекеним Кыргызстан" 13,09%, "Кыргызстан" 19,08%, "Республика" 9% добуш алды. Кадамжайда "Мекеним Кыргызстан" 24,71%, "Өнүгүү-Прогресс" 19,51%, КСДП 17,74% добуш алды. Таш-Көмүр шаарында КСДП, "Өнүгүү", «Мекеним Кыргызстан» партиялары алдыга озууда. Кара-Балтада биринчи орунда "Эламан" партиясы алдыда, КСДП экинчи, «Республика» үчүнчү орунда баратат.