Жаңылыктар
Sputnik агенттиги "Ты супер!" шоусунун катышуучуларына сыйлык тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Sputnik агенттиги "Ты супер!" шоусунун катышуучуларына сыйлык тапшырды

Эл аралык Sputnik агенттиги жана радиосу КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн "Ты супер" долбооруна катышкан жаш таланттарга атайын сыйлыктарды тапшырды. Аталган шоу бүгүн НТВ каналында жыйынтыкталды.

Таланттуу балдар сыйлыктарды Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун башкы редактору Маргарита Симоньяндын колунан алышты.  Сегиз жаштан 18 жашка чейин 11 мамлекеттен келген балдар "Орленок" балдар борборунда эс алууга мүмкүнчүлүк алышты. Sputnik агенттигинин белектеринин арасында А.С. Пушкин атындагы орус тили мамлекеттик институтунун базасында онлайн-курстарды өтүү үчүн сертификаттар бар.  

"Биз бала кезден бери дүйнөнү сулуулук сактайт деген кептерди акылыбызга түйүп келебиз. Бирок менимче дүйнөнү мээримдүүлүк сактайт. Бул долбоор ар кайсы өлкөдөн келген балдарды достоштуруу максатында уюштурулган. Биздин мекенибиз ушундай, баардыгына койну кенен. Мен буга ыраазымын. Биз баарбыз супербиз!" — деди Симоньян.