Жаңылыктар
“Таза коом” долбоорунун бет ачары болот
Кыргызстан жаңылыктары
“Таза коом” долбоорунун бет ачары болот

30-майда “Таза коом” конференциясы өтөт. Конференциянын ишине 300дөн ашык катышуучулар чакырылган. Алардын 80ни эл аралык эксперттер, калганы Кыргызстандагы мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү эксперттер. 

“Таза коом” долбоорунун жумушчу тобунун эксперти Талант Султановдун айтуусунда конференцияда долбоордун бет ачары болот. “Санариптик өкмөт”, “Акылдуу шаар”, “Кибер коопсуздук”, адам потенциалын өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу багытында эл аралык эксперттер пикир алмашып, өз өлкөсүндө ишке ашкан долбоорлор туурасында тажрыйба бөлүшөт.

“Таза коом" сыяктуу долбоор дүйнөнүн 5 мамлекетинде ишке ашкан. Ошол мамлекеттердин эксперттери келишет”,- деп билдирди “Таза коом” долбоорунун жумушчу тобунун эксперти Талант Султанов.