Жаңылыктар
Ош: Рамазан айында айрым айдоочулар жүргүнчүлөрдү акысыз ташууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: Рамазан айында айрым айдоочулар жүргүнчүлөрдү акысыз ташууда

Рамазан айынын башталышы менен Ош шаарындагы 107-маршруттук каттамдын айрым айдоочулары жүргүнчүлөрдү акысыз ташый баштады. 

Демилгечилердин пикиринде, бул саамалык менен айдоочулар, ыйык Орозонун учурунда соопчулук жасоо менен жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө чакыргысы келген. Аталган каттамда жалпы 62 кичи автобус бар. 

Рамазан айында алардын ичинен күн сайын 2 айдоочу бөлүнүп, жүргүнчүлөрдү бекер тейлейт. Ошондо Рамазан айынын ичинде каттамдагы ар бир айдоочу жургүнчүлөргө бир күндөн акы албай иштеп берген болот. Орозонун учурунда шаардыктарга акысыз кызмат көрсөтүү саамалыгы өткөн жылы да болгон.