Жаңылыктар
"Ата керээзи" тасмасы баш байгеге татыды
Маданият
"Ата керээзи" тасмасы баш байгеге татыды

"Ата керээзи" тасмасы Чуваш Республикасында өткөн X эл аралык кинофестивалда баш байгеге ээ болду. 22-майдан 27-майга чейин өткөн фестивалга 50дөн ашык тасма ат салышты. 

Киносынак 4 номинация боюнча болуп, анда көркөм тасмалар арасында "Ата керээзи" баш байгеге татыган. Эки саатка чукул созулган толук метраждуу "Ата керээзи" тасмасы "Кыргызфильм" жана "Элфильм" студияларында тартылып, башкы ролдордо Иман Мукул, Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева, Бакыт Мукул жана башкалар ойногон.