Жаңылыктар
Нарын облусундагы табигый кырсыктын кесепети
Өзгөчө кырдаал
Нарын облусундагы табигый кырсыктын кесепети

28-май күнү Нарын облусунун айрым райондорунда катуу шамал болуп, бир катар үйлөр менен социалдык-маданий обьектилердин чатырларын учуруп кетти. Алсак, Жумгал районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 28, Ак-Талаа районунда 25, Нарын шаары менен Ат-Башы районунда 23 метрге жеткен. Мунун кесепетинен жалпысынан 50гө жакын имарат жапа чеккен. 

Айрыкча оор акыбал Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылында түзүлдү. Мында бир дүкөн жана бир клуб зыян тарткандан тышкары, алдыдагы мамлекеттик экзамендерге даярданып жатышкан бүтүрүүчүлөр таптакыр жайсыз калышты. Анткени, алар билим алышкан мектепти пайдалануу кооптуу болгондуктан, окуучулар өзгөчө кырдаалдар кызматынын эки чатырына жана жергиликтүү элдин эки боз үйүнө чыгарылган. Тилекке каршы, аларды кечээ күнкү күчтүү шамал учуруп, жараксыз абалга келтирди. Учурда жер-жерлерде түзүлгөн комиссиялар жалпы чыгым менен зыяндардын көлөмдөрүн аныкташууда.

"Кечээ күнкү шамал өзгөчө кырдаалдардын шартына кирбейт. Бир гана Жумгал районунуку гана кирет. Мындай жобо кыргыз өкмөтүнүн токтомунда белгиленген. Андыктан, зыян тарткан үйлөрдүн ээлеринин баарысына тең эле жардамдар берилбейт. Алардын арасындагы камсыздандырылганы гана жардам алат",- деп билдирди ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Токтобек Шоңкоев.