Жаңылыктар
Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка сынак жарыяланды
Маданият
Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка сынак жарыяланды

Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка сынак жарыяланды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматы боюнча, сынакка 11 номинация боюнча 35 жашка чейинкилер катыша алат. Жеңүүчүлөр диплом, төш белги жана 100 миң сом менен сыйланат. 

Адабият жаатындагы мыкты чыгармалар; журналистика тармагындагы мыкты эмгек; музыкалык чыгармачылык, аткаруу чеберчилик, көркөм чыгармалар, Шаар куруу, архитектура жана дизайн тармагындагы долбоорлор; Театр жана цирк, кино өнөрү, илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш; Экономика, бизнес жана меценаттык, ошондой эле спорт жаатындагы мыкты жетишкендик; Жаштар саясатына кошкон өзгөчө салымдар. 

Катышуучулар эмгектерин 20-августка чейин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине тапшырууга тийиш. Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы түзүлгөн.