Жаңылыктар
Президент А. Атамбаев Патриарх менен жолукту
Дин
Президент А. Атамбаев Патриарх менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев Москванын жана Бүткүл Рустун Патриархы Кирилл менен жолукту. Мамлекет башчысы Кыргызстанда диний жааттагы саясат, диний чөйрөдөгү негизги көрүнүштөр тууралуу айтып берди. 

Москванын жана Бүткүл Рустун Патриархы Кирилл өз кезегинде православ чиркөөсүнө жакшы көңүл бөлүнүп жатканына ыраазычылыгын билдирди. Жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев менен Патриарх Кирилл радикализмге бөгөт коюуда диний билим берүүнүн мааниси жана диний кырдаалдын өнүгүү тенденциялары тууралуу ой бөлүштү.

“Диндер арасында мамиле ар кандай болуп жатат. Мен Кыргызстан мусулмандарынын муфтийине жолуктум жана биздин диний башкармалык менен дагы баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Бул жерде улуттар, диндер арасында мамилелердин өзгөчө сейрек маанайы өкүм сүрөт деп айта алам. Ушунун өзү коомдун туруктуулугун камсыздайт. Ошондуктан сизди куттуктагым келет, анткени президенттин жана бийликтин тикелей катышуусу жок ушундай сейрек алака-катышты орнотуу кыйын”, - деди Москванын жана Бүткүл Рустун Патриархы Кирилл.