Жаңылыктар
Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы
Шайлоо 2023
Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы

Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун 98 пайыз жыйынтыгы чыкты. Боршайком аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн, кол менен саналган маалыматтарды жарыялады. Шаардык кеңештеги шайлоого жалпысынан 55 пайыздан ашык, ал эми айылдык кеңештин депутаттарын тандоого 49 пайызга жакын адам катышкан. Борбордук шайлооо комиссиясы менен байкоочулар добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эте турган олуттуу мыйзам бузуу катталбаганын билдирди. 

Кыргызстанда дагы бир ирет биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоо болду. Добуш берүү өнөктүгү ачык, эркин жана демократия жол менен өттү десек болот. Мамлекет шарт түзүп, ат салышкан талапкерлердин тагдырын шайлоочулар чечти. 

Бул жолку шайлоо айрым шаар жана элет жерлерин камтыган. Анда элге жакшы белгилүү саясий партиялар жана төбөсү жаңы көрүнгөн партиялар ат салышты. Талапкерлердин арасында өз алдынча аттангандары да бар.