Жаңылыктар
Сугат жерлердин аянты көбөйөт
Айыл чарба
Сугат жерлердин аянты көбөйөт

Жакынкы жылдары Талас облусунда 4 миң гектар жаңы сугат жерлери пайда болот. Учурда бир катар каржы уюмдарынын көмөгү менен ирригациялык ири долбоорлор ишке ашырылууда. Кененирээк кийинки материалда сөз болот.

Суу чарбасынын тажрыйбалуу адиси Кубанычбек Дүйшөбаевдин дыйкан, фермерлерди сугат суу менен камсыз кылууда 40 жылдык эмгеги бар. Тармактын сырын жакшы билгендиктен сууну үнөмдөө зарыл болуп турганын айтат. Быйыл Талас облусунда ирригациялык каналдарды оңдоо эрте башталды. Көп жылдык өсүмдүк менен күздүк буудай себилген жерлерге суу март айында эле берилген. 

Жакынкы убакытта дубанда жаңы сугат жерлери пайда болот. Эл аралык каржы уюмдарынын көмөгү менен ирригациялык долбоорлор ишке ашканы турат. Бул үчүн мамлекеттин эсебинен да кошумча каражаттар каралган. Бул ирригациялык долбоорлор өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында камтылган.