Жаңылыктар
Москвадагы катуу шамалдын кесепетинен 15 адам каза болду
Дүйнө
Москвадагы катуу шамалдын кесепетинен 15 адам каза болду

Кечээ, 29-майда Москвада болгон  бороон-чапкындан улам он бир киши каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости Борбордук медицина кызматтарынын өкүлүнө таянып кабарлады.  Катуу шамалдын айынан жүздөгөн дарактар кулап, адам өмүрүнүн кыйылышына алып келген. 

Ал эми жабыр тарткандардын саны 100дөн ашып,  айрымдары реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Дарактар тамыры менен кошо омкорулуп,  имараттардын чатыры кулаган. Табияттын бул кубулушу коомдук каттамдардын, анын ичинен аэроэкспресстердин ишине таасир берип, алардын каттоо аралыгы создуктурулган.

Сүрөт: www.rbc.ru