Жаңылыктар
Салянованын иши Ленин райондук сотуна өткөрүлүп берилди
Саясат
Салянованын иши Ленин райондук сотуна өткөрүлүп берилди

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Алексей Елисеевдин жактоочулук күбөлүгүн мыйзамсыз узартуу боюнча биринчи соттук отурум болуп өттү. Бул иш боюнча айыпталуучу - парламент депутаты Аида Салянова. Ага кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши козголгон. Депутаттын жактоочулары  сот отурумунда ишти Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү өтүнүчүн келтиришти. 

Төрагалык кылуучу, судья Мирлан Термечиков өтүнүчтү канааттандырып, ишти Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү чечимин чыгарды. Токтомдо ошол кездеги министр Аида Салянованын мыйзамга каршы аракеттери Юстиция министрлигинде жасалганы, ал эми министрлик Ленин районунун аймагында жайгашканы айтылды. 

Аида Саляновага карата кылмыш иши өткөн жылдын 26-декабрында козголгон. Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Салянова юстиция министри болуп турган учурунда, 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык күбөлүгүн мыйзамсыз узарткан деп тапкан.