Жаңылыктар
Катуу шамалдан Талас облусунун айрым айылдары электр жарыгы жок калды
Кырсык
Катуу шамалдан Талас облусунун айрым айылдары электр жарыгы жок калды

Катуу шамалдан улам Талас облусунун айрым айылдарында электр жарыгы өчтү. Шамалдын ылдамдыгы секундасында 25 метрге жеткен. 29-майда 17:35те башталган табият кырсыгынан улам Талас районунун Таш-Арык, Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр, Манас районунун Бала-Сары, Үч-Коргон, Покровка, Чоң-Капка айылдарында электр энергиясы өчкөн. 

Мындан сырткары электр чубалгылары үзүлүп, изоляторлор, линиялык ажыраткычтар жана башка электр жабдыктары зыянга учураган. Электр өткөргүчтөрүнүн линиялары секундасына 10-15 метрге жеткен шамалга туруштук бере аларын “Түндүк электро” ишканасынан билдиришти. “Түндүк электронун” Таластагы филиалынын адистери оңдоо иштерин жүргүзүүдө.