Жаңылыктар
Игил Фэйсбук менен Твиттер негиздөөчүлөрүн коркутту
Дүйнө
Игил Фэйсбук менен Твиттер негиздөөчүлөрүн коркутту

“Ислам мамлекети” террордук уюмуна байланышы бар хакердик бир топ, Фэйсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг менен Твиттердин негиздөөчүсү Джек Дорсиге видео жолдогон. Бул тууралуу “Америка үнү” маалымат кызматы кабарлаган. 

Өздөрүн “Халифаттын балдары” деп атаган топ, 25 мүнөттүк видеодо, ИГИЛдин мүчөлөрү, түрдүү каршылыктарга карабастан, Фэйсбуктагы 10 миң аккаунт жана 150 топто, ал эми Твиттердин болсо 5 миң аккаунту менен колдонуп жатканын айткан. 

Фэйсбук менен Твиттер ИГИЛ тарабынан жарыяланган видеону өчүрүп салган. Мындан кийин эки компания тең аярлык менен сактыкты күчөттү.