Жаңылыктар
Катуу шамалдан борбор калаа да жабыркады
Өзгөчө кырдаал
Катуу шамалдан борбор калаа да жабыркады

29-майда Бишкекте чаң уюлгуткан шамал болуп, анын ылдамдыгы секундасына 21 метрге жеткен. 

Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Шамал Ленин районунун аймагында бир үйдүн чатырын учуруп кетти. 

Андан сырткары калаанын дал борборунда кулаган узун терек Lexus GX-470 үлгүсүндөгү жолтандабасты басып калган. 

Шаардын ар кайсы аймактарында бир нече бактар сынып, омкорулуп, электр зымдары үзүлгөн.