Улуттук банк башкармасы эсептик чен өлчөмдү 5 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Мындай чечим ички экономиканын абалы, баалардын индекси жана тышкы факторлорду эске алуу менен кабыл алынат.
Белгилей кетсек эсептик чендин өлчөму 2016- жылдын март айына карата 10 пайыз эле.
Адистердин белгилөөсүндө эсептик чен узак мөөнөттүк болжолдон алганда, насыялардын пайыздарынын төмөндөшунө алып келет.
Улуттук банк бул максаттагы өз жыйынтыгын 2017- жылдын соңунда чыгарат.
Эске сала кетсек Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен олчөмдү кароого алган отуруму 2017- жылдын 26- июнуна белгиленген.