Жаңылыктар
Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго карата кылмыш иши козголду
Саясат
Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго карата кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго жана дагы бир катар адамдарга карата кылмыш ишин козгоду. 

Кылмыш иши УКМК тарабынан берилген материалдардын, тактап айтканда Кылмыш Жаза Кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү менен 2009-2015-жылдар аралыгында "машина сыноочу станциясы" ишканасына 200 миллион сом суммасындагы бюджеттик ссуданы мыйзамсыз бөлгөндүгү жана максатсыз пайдалангандыгы үчүн козголгон. 

Бул ишти иликтөө УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырылды.