Жаңылыктар
Президент Маданият, маалымат жана туризм министрин кабыл алды
Маданият
Президент Маданият, маалымат жана туризм министрин кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысы маданият кызматкерлерине колдоо көрсөтүү, маданият жана искусство тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча министрликтин жасаган иштеринен кабар алды. 

Ошондой эле Казаков балдар менен жаштарга өзгөчө басым жасап, коомчулуктун кеңири тартылышы менен “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагындагы иш-чараларды өткөрүү тууралуу айтып берди. 

Президент Алмазбек Атамбаев жана министр Түгөлбай Казаков өлкөнүн маданият кызматкерлерине социалдык жактан колдоо көрсөтүү боюнча, анын ичинде маданият тармагында ишмердүүлүктүн материалдык камсыздалышын жакшыртуу жана турак жай менен камсыздоо боюнча да пландарды талкуулашты.