Жаңылыктар
Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралууда
Саясат
Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралууда

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароо Биринчи Май райондук сотунда эле калтырылат. Мындай чечимди Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы кабыл алды. Буга чейин Шыкмаматовдун жактоочулары ишти Биринчи Май райондук сотунан Свердлов райондук сотуна өткөрүп берүү боюнча өтүнүч келтирип, алар мунун себебин кылмыш иши козголгон тендер өткөрүү иштери аталган райондо жайгашкан мекемеде жүргүзүлгөн деп түшүндүрүшкөн. POST1RIGHT 

Бирок Биринчи Майр райондук соту өтүнүчтү канааттандырган эмес, андан кийин адвокаттар арыз менен шаардык сотко кайрылышкан. Бүгүн шаардык сот дагы жактоочулардын өтүнүчүнөн баш тартып, мамлекеттик айыптоочулардын - Эсеп палатасы Биринчи Май районунда жайгашкан жана тергөө амалдарынын бардыгы ушул райондо жүргүзүлгөн деген негиздемелерин жүйө келтирип колдоду.

Эске салсак Алмамбет Шыкмаматовго "Коррупция" жана "Кызматтык жасалмачылык" боюнча эки берене менен кылмыш иши козголгон. Депутат эсеп палатасында тендердик комиссиянын мүчөсү болуп турганда кызматтык автоунааларды сатып алуу боюнча жасалма келишимдерди түзүп, алардын баасын атайылап жогорулаткан деп айыпталууда. 

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Шыкмаматов өзүнүн жубайынын унаасын тендердик арызга киргизип, базар баасынан дээрлик 3,5 миң долларга кымбат саткан. Башкы прокуратура автоунаалар тендер өткөрүлгөндөн кийин, тактап айтканда Эсеп палатасынын аудиторлору жеке жактар саткан унааларды өздөрүнө тандап алгандан кийин гана сатылып алынганын билдирген.