Жаңылыктар
"Таза коом" долбоору эл аралык талкууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Таза коом" долбоору эл аралык талкууда

“Таза Коом” программасы көңүлдүн борборунда адам жана анын укугу менен дарамети турган санариптик жогорку технологиядагы экономиканы, акыйкат жана ачык коомду шарттаган мамлекеттик башкаруунун жаңы үлгүсүн түзүүгө багытталган. Мындай пикирин Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков “Таза Коом” санариптик келечекти түзүүгө арналган эл аралык конференцияда билдирди. POST1RIGHT

Айтымында “Таза Коом” - бул туруктуу өнүгүүнү камсыз кыла турган келечектин багыты. Бул программа жалпы коомго багытталганын баса белгилеген Сапар Исаков долбоор макамына, материалдык абалына карабай Кыргызстандын ар бир жаранынын татыктуу, ыңгайлуу жана коопсуз жашоо турмуш кечиришин камсыздоону көздөйт. 

Мында жарандарды элеттик, шаардык же жаш өзгөчөлүктөрүн бөлүп кароого болбойт - деди Президенттик аппараттын жетекчиси.

Кыргызстанды Борбор Азиянын маалыматтык хабына айлантууга жетишүү керек. Бул тууралуу премьер-министр "Таза Коом" программасын талкулоо боюнча эл аралык конференцияда билдирди. Өкмөт башчынын айтуусунда бул аракеттер ишке ашса Кыргызстан Европа менен Азияны жана Жакынкы Чыгышты бириктире турган маалыматтык ири борборго айлана алат. 

Ошол эле учурда Сооронбай Жээнбеков “Таза Коом” мамлекет менен өлкөнүн жашоочуларын бириктире турган көпүрө болуп берерин белгилеп, жогорку технологияны пайдалануу менен ачык коомду камсыз кылуу - коррупция менен күрөшүүдөгү дагы бир кошумча курал болуп калаарын ырастады. Сооронбай Жээнбеков “Таза Коом” программасын өнүктүрүүдө ийгиликтин үч негизги жагын белгиледи.