Жаңылыктар
КНУнун ректору болуп Канат Садыков дайындалды
Билим
КНУнун ректору болуп Канат Садыков дайындалды

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин ректору болуп Канат Садыков дайындалды. Окуу жайда ректорду шайлоо 27-май күнү өтүп, жетекчилик кызматка аттанган 7 талапкердин арасынан Канат Садыков 64 пайыз добуш топтоп алдыга озуп чыккан. 

Алдыңкы орундагы 3 талапкер премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тарабынан каралып, Канат Садыков өкмөт башчынын колдоосуна татыган. Жаңы жетекчи эмгек жамаатка билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева тарабынан тааныштырылды. 

Канат Садыков өзү ушул окуу жайды аяктап, эмгек жолун улуттук университетте баштаган. Бул кызматтан мурда өлкөнүн билим берүү жана илим министрлигин жетектеген.