Жаңылыктар
Катуу шамалдын кесепеттери
Кырсык
Катуу шамалдын кесепеттери

Кечээ кечинде өлкөнүн түндүгүндө катуу шамал болду. Бороон-чапкын айрым үйлөрдүн чатырын учуруп, бактарды кулатып, электр зымдарын үздү. Кечке жуук шамал кокусунан башталды. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жетип, саналуу мүнөттөрдө эле куюн каптаган бороон-чапкын үйлөрдүн чатырын учуруп, бактарды кулатты. Кара-Балтада шыйпырлардын сыныктары машиналардын терезелерине тийип зыянга учуратты. Бишкекте кулаган бактардын алдында үч автоунаа калды. Катуу шамал кечки саат 7 менен сегиздин ортосунда болду. Бирок кулаган бактар 30-майда түшкө жуук гана тазаланып, бир топ убакытка чейин жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратты.
Өзгөчө кырдаал шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрди түзгөндө эсептелет. Кечээки шамалда башкысы адам өмүрүн алган зыяндын катталбаганды болду.
Катуу шамал бир эле Кыргызстанда гана болгон жок. Москвада бороон чапкын 16 адамдын өмүрүн алып, 200гө жакыны жабыркады. көпчүлүгү оор абалда ооруканага жатышат. Табийгат кырсыгы бир топ материалдык да чыгымга алып келди, 2 минге жакын унаа, 200дөй турак жай, 3 миндей бак дарак кыйрады. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында кырсыктан жабыркаганадар арасында кыргызстандыктар жок.