Жаңылыктар
Бишкекте жолду асфальттоонун жаңы технологиясы колдонулду
Экономика
Бишкекте жолду асфальттоонун жаңы технологиясы колдонулду

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында оңдолуп жаткан көчөлөрдүн бирине келип, заманбап технология менен кум-шагылдын аралашмасынан асфальт төшөө иштери менен таанышты. Мындай технология Гагарин көчөсүнүн “Ак-Ордо” жаңы конушундагы участкасында пайдаланылууда. Кум менен шагылды аралаштырып асфальт төшөөнү Германия 1984-жылы улуттук стандарт катары кабыл алган. Ошондон бери асфальттоонун бул түрү көп мамлекеттерде пайдаланылып келет. Мындай технология Кыргызстандын ысык климатына да ылайык келээрин Калилов белгиледи. Негизгиси жолдун күчү жакшырып, иштөө мөөнөтү 1,5 эсеге узак болот.
Курулуш иштери менен таанышкан Сооронбай Жээнбеков өлкөдө жол курууга жана ремонттоого көп көңүл бурулуп, тиешелүү каражаттар бөлүнүп жатканын, бирок сапаты жакшы болбой, курулуш бүтөөрү менен жолдо жыртык-тешиктер пайда болуп жатканын белгиледи.
Немис технологиясы менен салынып жаткан жолдун курулушун көргөн өкмөт башчы мындан ары жол салууда ушул ыкманы киргизүү жана аны жөнгө салуучу тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү транспорт министрлигине тапшырма берди. Салынган жолдун узак мөөнөткө жана ишенимдүү иштеши үчүн заманбап шартта жаңы технологияларды издөө жана аны колдонуу зарылдыгын премьер министр белгиледи.