Жаңылыктар
Өлкөдө экспорттун көлөмү жогорулоодо
Экономика
Өлкөдө экспорттун көлөмү жогорулоодо

Январь, февраль жана март айларында былтыркы жылдын 3 айына салыштырмалуу экспорттун көлөмү 28 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирүүдө. Сүт азыктарын, кийим, текстиль продукцияларын жана алтынды экспорттодо көрсөткүч жогорулаган. Жыл башынан берки 3 айда экспорттун көлөмү 433 миллион доллардан ашкан. Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын көпчүлүгү Орусия, Казакстан, Кытай жана Европа биримдигине экспорттолууда.
Экономикалык жактан негизги өнөктөштөр катары ЕАЭБге мүчө өлкөлөр саналат. Биримдиктин базарына азык-түлүктөрдү жөнөтүү үчүн тиешелүү талаптарды аткаруу зарылчылыгы бар. Атайын түзүлгөн бирдиктүү реестрге киргизилген ишканалардын саны көбөйдү.
“2016-жылдын аягына өзүңүздөргө белгилүү болгондой 8 ишкананын Казакстанга товарын экспорттоого уруксааты бар болчу. Ал эми Россияга 18 ишкана. Азыр болсо 28 ишкана Казакстанга да, Орусияга да 28 ишкана товарларын алып бара алышат”,- деди Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Калысбек Жумаканов.

Лабораториялар менен ветеринардык борборлор курулуп бүтө элек. Алар ишке кирсе, экспорттун көлөмү дагы жогорулайт деген божомол бар.