Жаңылыктар
Биринчи мал союучу цех Кочкор районунда салынууда
Экономика
Биринчи мал союучу цех Кочкор районунда салынууда

Нарын облусунун Кочкор районундагы Жаңы-Жол айылында биринчи жолу мал союучу цех салынып жатат. Мамэкотехинспекциянын адистери салынып жаткан курулушка баштапкы этабынан тартып көзөмөл жүргүзүүдө. 

Цех - коюлган экологиялык жана техникалык талаптарга толугу менен жооп бериши үчүн инспекторлор курулуштун ар бир бөлүгүн кылдат текшерип, кемчиликтер аныкталса, жеринде көрсөтмөлөрдү беришүүдө. Курулуш иштеринде коопсуздук маселелерин инспекциянын инспекторлору гана эмес, ишкерлер өзүлөрү дагы жоопкерчиликтүү мамиле жасап жатышат.