Жаңылыктар
Араван районунун борборундагы автотыгын толугу менен жоюлат
Кыргызстан жаңылыктары
Араван районунун борборундагы автотыгын толугу менен жоюлат

Араван-Сай дарыясына жаңы көпүрө курулуп жатат. Курулуш өз  мезгилинде чейрек кылым мурда түптөлгөн борбордук көчөдөгү өтмөккө көмөкчү болот жана негизги автотыгынды жоёт. Узундугу 15, бийиктиги 50 метрди түзгөн көпүрөнүн  капсуласы салынып, 6 ай аралыгында пайдаланууга берилиши мерчемделген.

Араван районунун борборундагы унааларды ары-бери өткөргөн негизги көпүрөдөн күнүнө 10 миңге жакын чоң жана кичи унаалар каттап, жолдун тардыгынан автотыгын көпкө созулат. Анын негизинде айдоочулар ашыкча чыгым тартышып, бир топ убакытты уттуруп келишкен. Ал көпүрө чейрек кылым мурда курулуп, 7 миң автоунаага ылайыкташкан. Бирок калк менен унаалардын саны 2 эсеге өсүп, азыр оор кырдаал жаралган. 

Жаңы көпүрө 80 тонна жүктү көтөрө алат. Курулуштун сапатына жергиликтүү бийликтен атайын адистер көзөмөл кылып турушат. 

Эске салсак, көпүрө куруу демилгеси 2015-жылы көтөрүлүп, андан бери каражаттын тартыштыгынан улам токтоп турган эле.