Жаңылыктар
Электр энергияга бааны жогорулатуу пландаштырылууда
Экономика
Электр энергияга бааны жогорулатуу пландаштырылууда

Кыргызстанда 2018-2020-жылдары электр энергияга баа 10 пайызга  жогорулатуу пландаштырылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде айтылды. Адистер, башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде энергияга баа өтө төмөндүгүн айтууда. Ал эми бул тармакты татыктуу абалда  сактап  калуу үчүн  көрүлүп жаткан аракет дешет. Деген менен айрым эл өкулдөрү электр энергияга бааны жогорулатууну туура көрушпөйт.

Буга чейин, өткөн жылдары, тактап айтканда Темир Сариевдин өкмөтүнүн тушунда, 2015-жылдын 1-июлунан тартып калк үчүн электр энергиясына болгон социалдык багыттагы тариф 1 кВт/с. үчүн 70тен 84 тыйынга көтөрүлөт деген тарифтик саясат  иштелип чыккан. Бирок, Президент өкмөткө калк үчүн электр энергиясынын тарифин 84 тыйынга чейин жогорулатуу тууралуу чечимди кайра карап чыгуу тапшырмасын берген соң, өкмөт бул чечимден артка кайткан. Белгилей кетсек, учурда жарандар жарык үчүн бир киловатына 77 тыйындан, 700 киловатт-сааттык чектөөдөн ашкандар  2 сом 16 тыйындан төлөшөт.