Жаңылыктар
Москвадагы шамалдан 2 мекендешибиз жабыркады
Кырсык
Москвадагы шамалдан 2 мекендешибиз жабыркады

Москвада 29-майда болгон бороон-чапкындан жабыркаган кыргызстандыктын абалы орточо кыйын деп бааланууда. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинен кабарлашты. Элчиликтин маалыматына ылайык, жабыркагандардын арасында 33 жана 35 жаштагы эки кыргызстандык жаран катталган. 

Алар ооруканага жеткирилгенден кийин 33 жашар Ж. А. дарыгерлердин кароосунан өтүп, үйүнө чыгарылган. Табият кырсыгынан көз жумган башка адамдардын арасында кыргызстандыктар жок. Орусиялык маалымат каражаттары билдиргендей, катуу шамалдан 15 адам көз жумду. Жалпысынан 168 адам медициналык жардам алууга кайрылып, 146 адам ооруканага жаткырылган.