Жаңылыктар
Бүгүн дүйнө жүзү боюнча чылымсыз күн
Ден соолук
Бүгүн дүйнө жүзү боюнча чылымсыз күн

Жыл сайын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 31-майда дүйнө жүзү боюнча чылымсыз күндү белгилейт. Бул күнү чылым чегүүнүн ден соолукка келтирген зыянына коомчулуктун көңүлүн буруп, аны пайдаланууну азайтууга багытталган иш-чаралар өткөрүлөт. 2017-жылдагы чылымсыз күндүн дүйнөлүк урааны “Чылым - өнүгүүнүн коркунучу” деп аталды.

31-май тамекиден баш тартуунун Бүткүл дүйнөлүк күнү. Статистикага ылайык, Кыргызстанда улуулар арасында чылым чеккендердин саны жалпы калктын 25,7% түзүүдө. Адистердин айтуусунда, жылына 213 миңдей адам тамеки менен байланышкан оорулардан көз жумат. Тамекиге каршы чечкиндүү иш аракет жок болгон учурда бул көрсөткүч жогорулашы мүмкүн дешет адистер.Чылым чегүү көп ооруларды пайда кылат. Алар өпкөнүн чириши, жүрөк-кан тамыр, ооздун рагы жана башка ооруларды пайда кылат. 

Кыргызстан чылым чегүүнү катаалдантуу боюнча соңку жылдары бир катар иштерди жасап, мыйзамдарды кабыл алып келет. Коомдук жайларда, кафе-ресторандарда тамеки чегүүнү чектеген мыйзамды кабыл алды. Бирок бул тамактануучу, эс алуучу жайларда толугу менен чылым чегилбейт дегенди түшүндүрбөйт. Тамеки тартуучулар үчүн өзүнчө бөлмөлөр пайда болот. Алдыда тамекиге салыкты көбөйтүү керек дешет адистер. Анткени Кыргызстан дүйнөдөгү тамеки салыгы эң төмөн болгон мамлекеттердин катарында. 

“Тамеки тартуу көп ооруларды пайда кылат. Өпкө, жүрөк-кан тамыр, рак сыяктуу. Биз аны алдын-алуу үчүн бир катар программаларды кабыл алганбыз, алар иштеп жатат. Алардын бири тамекинин кутусуна жаман сүрөттөрдү жайгаштыруу", деди Саламаттык сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев.