Жаңылыктар
Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандардын насыясы кечилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандардын насыясы кечилди

Оштун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында жер көчкүдөн жабыркаган 4 жарандын банктан алган жалпы суммасы 824 миң сомдук насыясы толугу менен кечилди. Бул тууралуу “Айыл банктын” башкармалыгынын төрагасы Мурат Акимов Жалпак-Таштагы 4 насыя алуучунун жашоо турмушуна күбө болгон соң, ушундай чечим кабыл алынганын билдирди. 

Ал эми РСК банк Чоң-Алайдагы насыя алган 2 кардарынын насыя төгүү мөөнөтүн 12 айга узартып берген. Банктын башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов жабыркагандардан арыздарды кабыл алууну уланып жатканын, ар бир кардар менен жекече иш жүргүзүлөөрүн билдирди. Жаратылыш кырсыктары катталгандан кийин РСК, “Айыл банк” жана Компаньон каржы булактарынын өкүлдөрү жер титирөө болгон Чоң-Алайда жана Өзгөн районунда болуп, насыя алуучулар менен жеринде иш жүргүзүп келишкен.