Жаңылыктар
Өлкөнүн тышкы саясаты талкууланды
Саясат
Өлкөнүн тышкы саясаты талкууланды

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Жолугушууда министр мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясый багыттарынын приоритеттерин өнүктүрүү, жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди аткаруу иштери, ошондой эле кыргызстандыктардын чет жердеги укуктары менен таламдарын коргоо маселелери, мекеменин ишмердиги тууралуу маалымат берди.

Алмазбек Атамбаев чет жердик өнөктөр менен ар башка тармактарда өз ара пайдалуу жана конструктивдүү байланыштарды бир калыпта өнүктүрүү үчүн андан ары натыйжалуу тышкы саясатты жүргүзүүнүн маанисин белгиледи. Ошондой эле, тышкы иштер министрлигине өлкөнүн тышкы саясый багытын ишке ашыруунун негизги багыттары боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.