Жаңылыктар
Бүгүн - бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күн
Ден соолук
Бүгүн - бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күн

Буга карата бүгүн бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги биргеликте бир катар иш чараларды уюштурушту. Болжолдоолорго ылайык  республикабызда тамекиге каршы чечкиндүү чаралар  - кийинки 40 жыл аралыгында 121 миң адам өлүмүнүн алдын алуусуна өбөлгө жаратат. Орусияда 1-июндан тартып коомдук тамактануучу  жайларда чылым чегүүгө тыюу салынат. Эми коомдук тамактануучу жайларда чылым күбүгүчтөн  бери жок кылынып, ресторан, кафелерде бул тыюу боюнча атайын белгилер илинет.  Мындай тыюу күчүнө кирген күндөн тарта чылым сүйүүчүлөр тамекини  дүкөн-күркөлөрдөн да таппайт, атайын катологдор аркылуу сатып алыша турганын  адистер эске салышат. 

Белгилей кетчү  нерсе Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов чылым чегүүгө каршы 2021- жылга чейинки улуттук программаны бекитти. Программа  «сергек жашоого үгүттөө, чылым чегүүгө каршы күрөшүү жана ден соолукка кам  көрүү» максатында кабыл алынган. Ага ылайык, Түркмөнстан 2025 -жылга чейин  «тамеки чекпеген өлкөгө» айланышы керек. Мындай саамылыкты биздин өлкөдө да  жайылтуу зарыл дешет серепчилер.