Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Алмазбек Атамбаев Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасап, балдарды майрамы менен куттуктады.

"Кымбаттуу Кыргызстандын кичинекей жарандары! Көп жылдан бери кыргызстандыктар жайдын биринчи күнүн балалыктын майрамы катары белгилешет. Баарыбыз үчүн шаттуу күндөрдүн бири болуп калган бул күн - салттуу үй-бүлөлүк майрамга айланып, ата-энелер балдарына арнашат. Мен быйыл бул күн Балдарды коргоонун эл аралык күнү экенине өзгөчө көңүл бургум келет. Биздин балдар коргоого муктаж экенин эске салгым келет. Балдарыбыздын өмүрү менен ден соолугуна, билими менен коопсуздугуна, дегеле жаш муундун келечегине улуулар жоопкер экенине коомчулуктун көңүлүн бургум келет. Элибизде “Балам - бактым, балам - базарым” деген сөз бар. Ата-эненин, үй-бүлөлүк очоктун мээримине бөлөнгөн, кубаныч, сүйүү, жарык маанайда чоңойгон балдар телегейи тегиз инсан болуп жетилишет. Ошондуктан, балдарыбызга көп убактыбызды арнайлы, сырдаш бололу",- деп айтылат президенттин куттуктоосунда. 

Кымбаттуу балдарым!

Майрамыңар кут болсун!

Ден соолугуңар чың болсун!

Бак-таалайлуу, өмүрлүү болгула!”.