Жаңылыктар
№187, №199, №220, №138 кичи автобустар караган "Мейкин" ЖЧКнын лицензиясы токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
№187, №199, №220, №138 кичи автобустар караган "Мейкин" ЖЧКнын лицензиясы токтотулду

Жүргүнчүлөрдү ташыган “Мейкин” жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиясы токтотулду. Эми ишкана 3 ай, тактап айтканда 24-августка чейин эл ташуу менен алектене албайт. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады. “Мейкин” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишин токтотууга бир катар фактылар себеп болгон. Алар төмөнкүлөр:

- 2016-жылдын 20-июнунда “Мейкин” ЖЧК на бекитилген, №187 маршруттук багыт боюнча эл ташыган мамлекеттик номери S 6487 N «Мерседес-Бенц» кичи автобусунун айдоочусу Барпыбек уулу Замирбек жүргүнчүлөрдү лицензиясы жок ташып жүргөнү аныкталган. Бул боюнча протокол түзүлүп, “Мейкин” ЖЧКнун жетекчисине дагы бир тартип бузуу фактысы болгон шартта лицензияны токтотуу процедурасы колдонулары тууралуу эскертүү берилген.

  
Жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү кичи автобустардын катышуусунда бир катар жол кырсыктары дагы катталган.

- 2016-жылдын 22-сентябрында Шабдан баатыр жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу Назарбек Өмүракуновдун катышуусунда жол кырсыгы болуп, андан жабыркаган аял бир колунан ажыраган. Айдоочу Октябрь райондук соту тарабынан соттолгон.

- 2017-жылдын 16-апрелинде Горький жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде Токтонбек Кабылов айдаган № 199 маршрут жол кырсыгына кабылып, 9 жүргүнчү жабыркаган.

- 2017-жылдын 20-майында Дэн Сяопин жана Месароша көчөлөрүнүн кесилишинде № 220 маршруттук багыт боюнча эл ташыган мамлекеттик номери С 2062 Н «Мерседес Бенц» кичи автобусунун айдоочусу Замирбек Ысмаилов жөө өтмөктөн 1997-жылы туулган кызды коюп кетип, жаш кыз ошол жерден мерт кеткен.