Жаңылыктар
Өкмөт башчы жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусунда
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусунда

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2 күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Жумуш сапарынын биринчи күнүндө өкмөт башчы Ысык-Көл районундагы Балыкчы-Корумду автожолунун курулушу менен таанышты.


Андан соң, мугалимдердин ден-соолугун чыңдоочу комплекс курула турган «Асыл» пансионатына барды. Сары-Ой айылында жайгашкан "Асыл" пансионаты Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилет. Жакынкы убакта пансионаттын аймагындагы эски эс алуу жайларынын имараттары ондолот жана 5 кабаттуу 400 орунга эсептелген жаңы имарат курулат. "Асыл" пансионатында болгон өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ондоого жана курулуш иштерине 300 миллион сом бөлүнөөрүн айтып, архитектура жана курулуш, турак жай коммуналдык чарба агенттигинин жетекчиси Бактыбек Абдиевге бул жумуштарды тездетүү тапшырмасын берди.

Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева мугалимдердин эс алуусу үчүн пансионат зарыл экенин белгилеп Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери биринчи жолу мугалимдерге ушундай көңүл бурулуп жатканын билдирди. 

Ошондой эле, премьер-министр Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылындагы орто мектептин ачылышына катышты. Түп районундагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча фитосанитардык лабораторияга дагы барат. 2-июнда өкмөт башчы Каракол шаарына барып, ички жолдордун абалы менен таанышып, «Ак-Булак» сүттү кайра иштетүүчү ишканын ишмердүүлүгүн көрөт. 

Премьер-министр Пристань-Пржевальск айылындагы жээктерди тосуу иштеринин жүрүшү, суу тундурманын курулушу, ошондой эле Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы суу жээгин бекемдөө иштерин көрөт.