Ысык- Көл районунун Өрнөк айылынын окуучулары менен мугалимдери бүгүн кош майрамды белгилеп жатышат. Өрнөк орто мектебин ачуу салтанатына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышып, мамлекет тарабынан акыркы жылдары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Премьер жыл өткөн сайын каржылоо маселеси жолго коюлуп жатканын, бул тармакка былтыр 3 эсе көп каражат каралганын айтып, учурда мамлекеттик бюджеттин 23,3 пайызы билим берүүгө жумшалат,- деди.
Сооронбай Жээнбеков мектептин тасмасын кесип жатып билим уясынан Ысык-Көлдөн чыккан Саякбай Каралаев, Касым Тыныстанов, Иса Ахунбаев,Жусуп Абдрахманов сыяктуу чыгаан инсандар чыксын деген каалоосун билдирди.
Кошумчалай кетсек, 225 орундуу Өрнөк орто мектебинин курулуш жумуштары 2014-жылы башталган жана курулушка жалпы суммасы 61 миллион сомго жакын каражат жумшалган.