Жаңылыктар
Жалал-Абад: паспорт алуудагы жеңилдиктер
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад: паспорт алуудагы жеңилдиктер

Атабеков айыл өкмөтүнүн эли көйгөй жаратып келген маселелердин биринен кутулдук дешет. Анткени айыл өкмөттүн өзүндө жаңы паспорт берүү бөлүмү ачылып,элге жеринде кызмат көрсөтүп баштады. Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Мухабат Пратованын айтымында, паспорт бөлүмчөлөрдү ачып,аны ишке киргизүүнүн башкы максаты элге ыңгайлуу кылып жеринде кызмат көрсөтүү.

Жаңы ишке кирген паспорт бөлүмчө эки бөлмөдөн туруп,керектелүүчү баардык техникалык жабдуулар менен камсыз болгон.Эми мындан ары эки кызматкер Атабеков айыл өкмөтүнүн элин тейлеп баштайт.

Буга чейин 27 миңден ашуун калкы бар Атабеков айыл өкмөтүнүн эли,паспорт алуу үчүн Сузак райондук паспорт бөлүмүнө кайырылып келишкен. Ал жакта кезек күтүп,кээде кезек жетпей убаркерчилик көп болуп келгенин айтышат.Эми ал кыйынчылыктар артта калды дешет.

Ал эми Жалал-Абад шаардык паспорт берүү бөлүмүнө паспорт алуу үчүн кайрылгандардын саны арбын. Эскерте кетсек,ушул жылдын май айынын баштап,Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү электрондук паспортторду акысыз бере баштаган. Азыркы учурда Жалал-Абад облусу боюнча жаңы үлгүдөгү электрондук паспортту алуу үчүн карылган жарандардын саны 8 миңден ашат.Ал эми паспортко ээ болгондордун саны 6 миңдин тегерегинде.

Ал эми жаңы үлгүдөгү электрондук ID карта паспортунун өзгөчөлүктөрү - паспорт бетинде улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жарандын кайсыл жерде каттоодо турган дареги көрсөтүлгөн эмес. Алардын баары чиптин ичине электрондук түрдө камтылып,башкача айтканда,жаран тууралуу кеңири маалыттар болот. Биометрикалык паспорт дүйнөлүк стандарттарга толугу менен жооп берет.