Жаңылыктар
Чет элдик кайырчылар өлкөдөн чыгарылат
Кыргызстан жаңылыктары
Чет элдик кайырчылар өлкөдөн чыгарылат

Кыргызстандын аймагынан кайыр сурап жүргөн 33 чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Аларды борбор калаанын көчөлөрүнөн кайыр сурап жүргөн жеринен укук коргоо кызматкерлери кармаган. Сүрөткө тартып, манжа издери алынгандан кийин материалдар сот органдарына жиберилген. Райондук соттор чет элдик кайырчыларды Кыргызстандын аймагынан чыгаруу боюнча өкүм чыгарган. Милиция бул багытта иш уланаарын белгиледи.