Жаңылыктар
Майлуу-Суу: Сары-Бээ айыл аймагындагы унаа жолунун курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Майлуу-Суу: Сары-Бээ айыл аймагындагы унаа жолунун курулушу башталды

Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ айыл аймагында унаа жолунун курулушу башталып, 8 ге жакын техника иштеп жатат.Тоо аралап өтүүчү жолдун узундугу 813 метрди түзөт. Жолдун курулуш иштерине №38 жол тейлөө ишканасы тартылган.

Эскертке кетсек, ушул жылдын 28-майында Кара-Жыгач айылында жер көчкү жүрүп,Сары-Бээ айыл аймагынын айылдарына баруучу жолду тосуп, жарактан чыгарып,каттам жабылган эле. Куруучулардын айтымында, тоо таштарды аралап өтүүчү жолдун курулушунда жардыруу иштери да жүрөт.