Жаңылыктар
Канат Исаевге дагы бир факты боюнча айыбы угузулду
Кыргызстан жаңылыктары
Канат Исаевге дагы бир факты боюнча айыбы угузулду

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаевге дагы бир факты боюнча айыбы угузулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. 

Буга чейин УКМК Канат Исаев Токмоктун мэри болуп турганда муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга соода борборун куруу үчүн берген деп айыптаган. Ал ошондой эле мэриядагы жооптуу кызматтарды ээлеген адамдар менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп айыпталууда. Башкы прокуратура болсо буга чейин Чүй облустук прокуратурасында жоголуп кеткен кылмыш ишин калыбына келтирди. 

Иш 2010-жылы козголгон болчу. Материалдарга караганда, Исаев Токмокто мэр болуп турган кезинде №1 борбордук китепкана системасынын Токмоктогу филиалын төмөндөтүлгөн баада жеке менчикке өткөрүп жиберген. Аталган китепкана 500 чарчы метрлик участогу менен кошо 572 миң 116 сомго сатылганы маалыматта белгиленген. Юстиция министрлиги жүргүзгөн экспертиза көрсөтүлгөн имараттын 2010-жылдагы рыноктук баасы 1 миллион сомду түзгөнүн аныктаган. 25-майда бул кылмыш иши Канат Исаевге карата козголгон негизги иш менен бириктирилген. 11-майда ага "коррупция" беренеси боюнча айып тагылып, өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынган.