Жаңылыктар
Кыргызстан балдар өлүмүн азайта алды
Ден соолук
Кыргызстан балдар өлүмүн азайта алды

Жыл өткөн сайын баланын ден соолугуна ата-эне, мамлекет тарабынан камылга көрүлүп жаткандыгы байкалат. Өзгөчө социалдык-экономикалык жагдайы начар үй бүлөдө  тарбияланган кырсыкка, же оор илдетке чалдыккан балдарга жакындан жардам берүү жагы  социалдык түйүндөрдө  да колдоого алынып,  кайдыгер карабаган жарандар  тарабынан колдон келген жардамдар берилип келгени маалым. 

Ал маалыматтар менен кабардар болгон мамлекеттик органдар да тиешелүү иш аракеттерди көрүп келишет. Статистикага таянсак, Кыргызстанда акыркы 3 жылда 5 жашка чейинки балдардын өлүмү азайган. Балдар өлүмүнүн негизги себеби аз кандуулук. 

Кыргызстан жалпы балдар өлүмүн 13%га азайта алган 23 өлкөнүн катарына кирген. Көрсөткүчтөр мындан дагы азайышы үчүн техникалык материалдык жардамдан сырткары дарыгерлердин кесипкөйлүк деңгээлин өстүрүү маанилүү деп билдиришет  дарыгерлер.