Жаңылыктар
Турсунбек Акун шайлоо күрөөсүнүн жогорулашына нааразы
Саясат
Турсунбек Акун шайлоо күрөөсүнүн жогорулашына нааразы

«Кыргызстан Демократиялык Кыймылы» партиясынын лидери Турсунбек Акун президенттикке талапкерлер төгүүчү шайлоо күрөөсүнүн жогорулатылышына нааразычылык айтып чыкты.

Буга чейин президенттик шайлоолор жөнүндө мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш колдоп, президентке кол коюга жиберилген. 

Эгер мыйзам кабыл алынса, өлкө башчылыкка талапкерлердин күрөө суммасы 100 миң сомдон 1 миллион сомго чейин көтөрүлөт.

Мындай ченемдин кабыл алынышы коомчулукта ар кандай кабыл алынууда. Маселен айрымдар инфляцияга байланыштырса, бюджеттик каражаттардын үнөмдөлүшүнө себеп катары карагандар да бар.