Жаңылыктар
Юрий Краковецкий дүйнөнүн 10 күчтүү дзюдочуларынын катарын толуктады
Спорт
Юрий Краковецкий дүйнөнүн 10 күчтүү дзюдочуларынын катарын толуктады

Кыргызстандык Юрий Краковецкий дүйнөнүн 10 күчтүү дзюдочуларынын катарын толуктады. Ал май айында Бакуда өткөн Ислам тилектештигинин оюндарында алтын медаль алып, кийин Гонконгдо өткөн Азия чемпионатында коло байгеге татыган. 

Мындай жетишкендиктер спортчуга 1720 упай ыйгарып, 100 килограммдан жогору салмак категориясындагы спортчулардын арасында 10 - орунга чыкканга жол ачты. Буга чейин Краковецкий дүйнөлүк рейтингде 14 - орунду ээлеп келген.