Жаңылыктар
Ала-Бука районунун Өрүктү айылындагы сай суулары ташууда
Өзгөчө кырдаал
Ала-Бука районунун Өрүктү айылындагы сай суулары ташууда

Ала-Бука районунун Өрүктү айылында 1-июнь күнү түндө саат 02:00-03:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Ак-Башат сайынан жана Өрүктү-Сай суусунан суулар ашып кеткен. Ак-Башат сел сайынан келген суулары Өрүктү-Сай айылынын жогору тарабынан өткөн Эшме суугат каналына курулган түтүкчөдөн ашып, 1 турак жайдын короолоруна кирип, там аркаларындагы эгилген бак дарактарын кулаткан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрүктү- Сай суусунан келген сел суулары оң жээгинде жайгашкан 2 турак жайдын короолоруна кирип, 1 кожолуктун үлүш аянттарынын жээктерин жеп, эгилген бак дарактарын алып кеткен. Маалыматка ылайык жабыркагандар жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.