Жаңылыктар
Кыргызстан бейпилдикти сүйгөн өлкөлөрдүн алдыңкы катарында
Дүйнө
Кыргызстан бейпилдикти сүйгөн өлкөлөрдүн алдыңкы катарында

Кыргызстан бейпилдикти сүйгөн өлкө рейтингинде АКШ менен Кытайдан озду. Рейтингди түзүүдө 163 мамлекеттеги абал эске алынган. Лондондун экономика жана тынчтык институтунун чыгарган Global Peace Index рейтингинде Кыргызстан 111-орунга татыды. 

Былтыркыга салыштырмалуу республика өзүнүн көрсөткүчтөрүн 13 тепкичке жакшыртып, 114-орунда турган АКШ менен 116-орундагы Кытайды артта калтырды. Аталган рейтинг 2007-жылдан бери жыл сайын чыгарылат. Аны түзүүдө өлкөдөгү экономикалык абал, саясий туруктуулук, адам укугунун корголушу, тынчтыкты орнотууга кошкон салымы, адам өлтүрүүнүн жана терроризм таасиринин деңгээли эске алынат.