Жаңылыктар
Өлкөдөгү тоо туризми боюнча адистер атайын окуудан өтүштү
Туризм
Өлкөдөгү тоо туризми боюнча адистер атайын окуудан өтүштү

Кыргызстанда тоо туризми жакшы өнүгө баштады, бирок туристтерди коштоп жүрүүчү тийешелүү гид адисттери жетишсиз. Мына ошондуктан, Ысык-Көлдүн Жыргалаң тоолорунда Кыргызстандагы тоо туризми менен алектенген гид, жол көрсөтүүчүлөр үчүн окуулар болуп өттү. 

Профессионал адистердин таалимин 75 жаран 5 күн бою үйрөнүштү. Мында туристтерди алып жүрүүдө алардын коопсуздугу, техникалык коопсуздук жана кыдыра турган аймакты турист келгенге чейин таанып билүү боюнча окуулар өткөрүлдү. Окуулардын жүрүшүндө тоого ылайыкталган атайын альпинисттердин жабдыктары менен иштөө каралган. Себеби, тоодо жүргөндө ар кандай учурлар, кырсыкка кабылган жагдайлар кездешиши мүмкүн. Андыктан гидтер баарына даяр болуп, тоо жабдыктары менен иштегенди билиши керек. Себеби, алар адам өмүрү үчүн жоопкерчиликти алып келишкен.

"Профессионалдуу тоо гидтеринде 3 приоритеттүү максаты жана билими болушу керек. Алар эң биринчи туристтердин коопсузудугу, экинчи техникалык коопсуздукту сактаганды билүү жана туристтердин эң жакшы эс алуусу, үчүнчү болсо кайсыл жерге барууну алдыга пландаса ошол жерге кырсыксыз жетип баруу болуп эсептелет. Турист келген өлкө боюнча жакшы пикирде калышы үчүн гидтер башкы орунду ээлейт. Андыктан баары ошолорго көз каранды",- деди Кыргызстандагы тоо гиддери ассоциациясынын вице-президенти Павел Воробьев. 

"Эң биринчи адамдардын коопсуздугун сактап, ар кандай жабдыктардын жардамы менен тоого башка жерлерге алып чыкканды үйрөндүк. Анан эгер болбой эле турист жаракат алып калган учурларда кандай кылып жеңил алып түшүү керек, андай учурларда тез жана коопсуз кылып кандай иштөө керек экенин практика жүзүндө көрдүк. Эми үйрөнгөн нерселерди колдонобуз деп ойлойм",- деп билдирди Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну Руслан Тажиев.